Кыргыз жергесинде эки ирет жер титиреди
Бүгүн өлкөдө эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Биринчиси саат 20:18де болуп, очогунда 5 баллга жеткен. Очогу Кытай менен Кыргыз жергесинин чек арасында, Нура айылынан 48 чакырым түштүк тарапта болуп, Нура айылында 4 баллга сезилди. Экинчиси саат 20:24тө Кытайда, аталган айылдан 98 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болуп, очогунда 7-8 баллга жеткен. Нура айылында 4-5 баллга сезилди. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок", - деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөнүн күчү Ош шаарында 3,5-4 баллга чейин, Жалал-Абад шаарында 2,5-3 баллга чейин сезилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Калиме айтып отуруп калдык.
Жараткан озу сактасын!
Кудай сактасын,амандык тилейм баарыныздарга!!!
Кудай сактасын!
да силкинген.