super.kg logo
  Спорт  

Федерация Валерий Кичинге "Мыкты футболчу", Одилжон Абдрахмановго "Мыкты жаш футболчу" наамын ыйгарды

 

Кечээ, 26-ноябрда Бишкекте КРнын Футбол федерациясы жыл ичинде футбол жаатында ийгилик жараткандардын ичинен мыктыларды аныктап, сыйлык тапшырды. Анда 10 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

"Ардагерлер лигасынын мыкты оюнчусу" наамына Игорь Гавшин, Александр Полев жана Рафик Амировдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жеңүүчү канттык "Абдыш-Атанын" оюнчусу Игорь Гавшин болду. Ал канттык команданын чемпиондугуна зор салым кошуу менен сезондо 46 гол жараткан. Гавшин мелдешке быйыл гана катышып баштаганын, лиганын ардагерлер арасында орду чоң экенин белгиледи.

Кыз-келиндер футболу акырындык менен боор көтөрүп келе жатканы сыр эмес. Эл футболчу кыздарды өңүнөн таанып, оюндарына каттап баштады. "Кыз-келиндер арасындагы мыкты футболчу" наамы Адинай Кылычбек кызына тапшырылды. Сыйлыкты Кыз-келиндер Лигасынын президенти Бермет Тологонова тапшырды.

"Алай" футболдук клубунун чабуулчусу, футзал боюнча улуттук кураманын мүчөсү Максадбек Алимов быйыл ТОП-Лигада бомбардирлер тизмесинде 2-орунду ээледи. Анын наамында 15 гол бар болчу. Футболчу 2 сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок футзалга тиешелүү сыйлык алды. Федерация аны "Футзал боюнча мыкты футболчу" деп тапты. Ал Азия чемпиондугунда 9 гол жаратуу менен бомбардирлердин тизмесинде 4-орунду камсыздаган.

"Мыкты калыс" наамы Дмитрий Машенцевге ыйгарылды.

Жыл ичинде өзүн көрсөткөн жаш футболчулар арасында "Мыкты жаш оюнчу" наамы талашка түштү. Сыйлыкка Виктор Кельм, Аманбек Маныбеков, Данил Сокирченко жана Одилжон Абрахманов көрсөтүлгөн. Баары улуттук курамга чакырылганы менен, ойноо мүмкүнчүлүгүн Одилжон менен Аманбек гана алган. Жыйынтыгында "Алайдын" курамында чемпиондукту багындыруу менен улуттук курамда башкы курамдан орун алган Одилжон Абдрахманов сыйлык ээси болду.

Футзал боюнча Колумбияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда кызмат алган калыс Нурдин Букуевге "Жылдын сыймыгы" наамы тапшырылды.

Ал эми "Мыкты машыктыруучу" наамы боюнча Айбек Татанов ("Алайдын" машыктыруучусу), Руслан Сыдыков ("Дордой") жана Марат Израилов (17 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы жана РСДЮШОР ФБ) талапкер болгон. Жыйынтыгында сыйлык Марат Израиловдун колуна тапшырылды. Футбол боюнча өлкө чемпиону аталган "Алайдын" машыктыруучусу Айбек Татанов жана Көз карандысыздык Кубогун уткан Руслан Сыдыков сыйлыксыз калышты.

"Мыкты футболчу" наамы боюнча 5 талапкер бар болчу: Валерий Кашуба ("Дордой"), Валерий Кичин ("Енисей"), Ислам Шамшиев ("Дордой"), Мирлан Мурзаев ("Ушакспор") жана Эдгар Бернхардт ("Рёдингхаузен"). Көпчүлүк сыйлык аз убакытта улуттук курамдын жана "Дордойдун" лидерине айланган Ислам Шамшиевге тапшырылат деп ойлоп жаткан, бирок сыйлык Валерий Кичинге берилди. Сыйлык ээси келе албагандыктан, анын ордуна анын агасы Роман сөз сүйлөдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
27.11.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мыкты жаш футболчу (О.Абдрахманов) намын алган оюнчу жакшы оюн алып барат экен! Ойно стили мага абдан жакты келечекте копту умуттондургон бала!
27.11.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адылжан десе кандай сонун угулат э? чем Одилжон(
27.11.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Одилжон дебей Кыргызча жазбайсыңарбы Кыргызстанда жашагандан кийин Душанбени которосуңар Дүйшөмбү деп
27.11.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tursunbaev78, озунун аты ошондойдас
27.11.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
tursunbaev78,сиздин фамилянызды орустар типо "Стоять" деп которуп алышса туура болобу?
27.11.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Begimkyz, боорду эздинго)))
27.11.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдын аты эч качан озгорбойт (которулбайт)
Krai түзөттү 2016-11-27 13:58:08
27.11.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кы-келиндер, хы-келиндер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: