super.kg logo

"Тамашоунун" 1/8 чейрек финалында Баткенден келген "Stud life" командасы 1-орунду алды (фоторепортаж)

 
"Stud life" командасы
"Stud life" командасы
"Stud life" командасы

Бүгүн, 27-ноябрда борбор калаадагы "Сейтек" борборунда "Тамашоунун" 9-сезонунун 1/8 чейрек финалы башталды. Оюнчулар сахнага чыгары менен учурда хит болуп жаткан "Манекен челенж" флешмобун өткөрүштү. Калыстар тобунун катарында режиссёр Рысбек Жабиров, SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова, ырчы Урмат Усенов, продюсерлер Нурлан Жаныбеков жана Нурбек Айбашов болушту. Бул ирет "Универсал", "Ошингтон", "МКБ", "МК шоу", "Ассорти", "Бугу", "Кыргыз style", "Stud life" жана башкалар оюн көрсөтүштү.

"Фристайл" сынагында командалардын айткан тамашаларынан үзүндү:

"МКБ" командасы:

- Койлорду асфальттан семиртип коём.

- Э, кантип семирмек эле?

- Гаишниктер деле семирип жатышпайбы...

"Акыркы күндөрү мырк оорусу көбөйдү. Мындай оору "базар жок", "деп кой", "девеле" деп башталат. Жадакалса "мырк" деген жазуусу бар футболкалар пайда болду".

"Ала-Тоо" командасы:

- Тишимди дарылатыш керек, курт жеп кетти.

- Курттар эмне депутат беле жеп кеткидей?

- Ууру тишти эмне кылсам болот?

- Милицияларга кайрыл.

- Тишимди жасайсызбы?

- Ооба.

- Кантип?

- Эптеп-септеп, Бишкектин жолдорундай.

Ошондой эле командадагы орус кызы кыргызча тамаша айтып, залдагы элдин кол чабуусуна арзыды.

"Кара-Балта" командасы:

- Жаңы кымыз "Азамат Байматов".

- Неге?

- Жакшы тебет да.

"National" командасы "Манекен челенж" флешмобун, социалдык тармактагы акылдуу статустар тууралуу күлкүлүү көрүнүштү тартуулады.

Баткен облусунан келген "Stud life" командасы өзгөчө тамашалары менен залды күлкүгө бөлөдү. Айрыкча айыл жергесиндеги душ тууралуу тамашасы менен.

"Мурас" курама командасы маршруттук таксидеги көрүнүштү, криминалдык райондогу адабий сүйлөшүү тууралуу оюн көрсөттү.

"Ошингтон" курама командасы:

- "Дима Билан" деген атыр чыгыптыр. Элестеткиле, биздин өлкөдө "Рысбек Жабиров" деген атыр чыкканын.

- Андан кандай жыт чыкмак эле? Андан көрө "Жабиров" деген кир самын чыкса эле ыраазы болот элем.

"Ассорти" командасынын оюнчулары командадагы Айгеримди туулган күнү менен куттукташты. Кызга белек катары ырчы Нурлан Насипти чакырышты. Атайын кутучада сахнага чыккан ырчы "Туулган күнүң менен" ырын ырдап, "тамашоучу" кызды куттуктап өттү.

Оюндун жыйынтыгында 3 команда: "Ошингтон", "Ассорти" жана "National" 3-орунду алды. 2-орунду 2 команда "Бугу" менен "МК шоу" ээлесе, 1-орунду "Stud life" командасы алып кетти.






Тамашоу 27.11.2016. "Универсал" командасы 2-бөлүк

Тамашоу 27.11.2016. "Универсал" командасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
28.11.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болгонго э
28.11.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы азаматсынар!!!
28.11.2016. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Универсал умут ч0н сенде
28.11.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде Универсал сонун аткарыптырго, ошондо алар канчанчы орунду алышты?
28.11.2016. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы сезондо финалда ал 6 команда таймашат. Менин божомолум боюнча ал атаандаштарды айтып коройун. Универсал, Ассорти, Бугу, Ала-тоо, Ошингтон, жана ошондой эле 2 оюн откозуп, копчулуктун купулуна толгон, Баткенден келген stud life командасы деп ойлонуп кордум. Ушундай болушу мумкунбу??????
28.11.2016. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ИншАллах 9-сезондо,
Баткен областынан келген "Stud life" чемпион болот!))
28.11.2016. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Универсал командасынан умут чон тарыхта эки жолу Тамашоудо чемпион болуп калгыла.
28.11.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооо баткенцы молодцы так держать
28.11.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ZHYRGAl1412,Э Баткенчи жердин атын ЧОН тамга менен жазат! Кызыл-Кыялыктарды Баткенге кошпой эле озунчо бир область кылып койбогон экенда атан гору
28.11.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Универсал женсе керек
28.11.2016. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
женуучулорду куттуктайбыз уккан
кулак суйунгудой жакшы жанылык
29.11.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызылкыяны Баткенден болуп салса анда кыргыздар калбай калатко ал жерде.Кызылкыяда почти70% озбектер жашашат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: