Жайыл районунда Лексус LX-470 унаасы менен Мерседес Гигант жүк ташуучу унаасы кагылышып, айдоочулардын бири жаракат алды
27-ноябрда саат 17:00 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 160-чакырымында Лексус LX-470 унаасы менен Мерседес Гигант жүк ташуучу унаасы кагылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
"Натыйжада Лексус унаасынын 1976-жылы туулган Э.И. аттуу айдоочусунун буту сынып, кыпчылып калган. Куткаруучулар аны чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Мерседес унаасынын айдоочусу жабыр тарткан эмес, унаада башка жүргүнчүлөр болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.