super.kg logo

Бир сутка аралыгында өлкө боюнча 14 өрт кырсыгы катталды

 

27-28-ноябрь күндөрү өлкө боюнча 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

"Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылынын Гаражная көчөсүндө жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттөнгөн аянт 17 132 чарчы метрге барабар. Өрттүн чыгуу себеби - жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.
Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Ак-Ордо жаңы конушунун Кочкор-Ата көчөсүндө жыгач устундуу, темир менен жабылган турак үйдүн чатырынын 130 чарчы метри, 70 чарчы метр жыгач шыбы, ашкана эмереги, муздаткыч, сыналгы күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам чыккан", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Чеч-Дөбө көчөсүндөгү №2-үйдө Мерседес Вито үлгүсүндөгү автоунаа, документтер толугу менен күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы эрежелерди бузуудан улам чыкканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: