super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Облуста окуучулар арасындагы спорттук мелдеш башталды

 

19-апрелде Баткен шаарында мектеп окуучулары арасындагы спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу аталган иш-чарада башкы калыстык кылган Улукбек Рахимов билдирди.

"Бул мелдеш спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт. Алгачкы күнкү таймаштар бокс, улуттук күрөш, шахмат, тогуз коргол боюнча болуп өттү. Жыйынтыгында бокс боюнча 1-орунду Баткен шаарынын окуучулары, 2-орунду Лейлек району, 3-орунду Кадамжай районунун окуучулары ээлешти",- деди ал.

 

Улуттук күрөш боюнча Баткен району 1-орунду багындырса,  2-орунга Лейлек району, 3-орунга Сүлүктү шаарынан келген окуучулар ээ болушту. Шахмат боюнча Лейлек району 1-орунга, Баткен району 2-орунга, Кадамжай району 3-орунга ээ болушту. 

Спорттук иш-чаранын кийинки бөлүгү 23-24-апрель кудөрү Кызыл-Кыя шаарында өтөт. Анда окуучулар баскетбол, футбол боюнча беттешсе, ушул эле күнү Лейлек районунун Исфана шаарында волейбол, грек-рим күрөшү боюнча таймаштар орун алат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: