ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: 37 жыл мурун Антарктидада учак тоону сүзүп, 257 адам каза болгон
1979-жылы 28-ноябрда Антарктидада экскурсиялык каттамдагы Жаңы Зеландиянын DC-10 учагы Эребус тоосуна урунуп, кыйроого дуушар болгон. Кырсыктан улам учактагы 257 кишинин баары көз жумган.
Мындай экскурсиялык учууларды авиакомпания 1977-жылдан баштап жүргүзүп келген. Учак Жаңы Зеландиянын Окленд аэропортунан чыгып, Антарктидага жеткенде жүргүнчүлөргө кооз жерди көрсөтүү максатында төмөндөгөн. Экипаж биринчи жолу Антарктидага бара жаткандыктан жана керек болгон бийиктиктен көбүрөөк төмөн түшүп кеткендиги үчүн кырсык келип чыккандыгы аныкталган.
28-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.