super.kg logo
  Саясат  

Депутат өкмөт КСДПнын тапшырмаларын аткарбаганына таң калды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу тууралуу мыйзам долбоору 2-окууда каралууда. Анын жүрүшүндө парламенттеги оппозициядан депутат Умбеталы Кыдыралиев ("Республика-Ата Журт") өкмөттүн депутаттардын тапшырмаларына кандай мамиле жасаарына кызыкты.

"Оппозициялык депутаттардын тапшырмаларынын көбүн өкмөт атайын аткарбай келет деп ойлогом. Бирок бүгүнкү талкууда КСДПнын бир топ тапшырмалары аткарылбаганын уктук. 2017-жылга бюджетти бекитүүдө сунуштарыбызды берип, ишенсек болобу? Же жөн эле сөз болуп калабы? Мен берген тапшырмаларымдын айрымдары аткарылса да, чала-була чечилди", - деди Кыдыралиев.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн айтымында, өкмөт депутаттардын бардык тапшырмаларына бирдей мамиле жасайт. "Бардык маселелер акча каражаттын жоктугуна такалат. Эң көп суроолор капиталдык курулушка байланыштуу. Эгер бюджеттен керектүү каражат чыгарсак, иштерди тез арада бүтөбүз", - деп жооп берди өкмөт өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: