super.kg logo

Бишкекте "дүкөндү тоногон" деген шек менен 4 адам кармалды

 

Бишкекте "дүкөндү тоногон" деген шек менен 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

26-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине 1991-жылы туулган А.А. аттуу шаар тургуну кайрылып, белгисиз адамдар дүкөнүн тоноп жана ичиндеги 27 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектелгендер кармалышкан.

"Октябрь РИИБинин №4-шаардык бөлүмүнүн кызматкери 10-кичи райондогу үйлөрдүн алдында турган бейтааныш адамдардан документтерин көрсөтүүнү суранган. Бирок алар каршы чыгышып, милиция кызматкеринин погонун жулуп алышкан. Мындан улам ал кошумча күч чакырууга аргасыз болгон. Окуя болгон жерге №4-шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери келген соң, 1988-жылы туулган К.Марат жана Э.Айбек кармалган. Кийин Э.Айбекке тиешелүү унаанын ичинен 1988-жылы туулган А.Рустам жана 1986-жылы туулган Ч.Заур кармалган. Ошондой эле унаанын ичинен дүкөндөн уурдалган азык-түлүк товарлары да табылган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: