Төрага Асылбек Жээнбеков Кытай парламентинин төрагасына Кытайдагы жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты
Төрага Асылбек Жээнбеков Кытай парламентинин туруктуу комитетинин төрагасы Чжан Дэцзянга 20-апрелде Кытайдын Сычуань провинциясында болгон жер титирөөдөгү адамдардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. “20-апрелде Сычуань провинциясында болгон жер титирөөдө 180 адамдын өлгөндүгү, көптөгөн адамдардын жаракат алгандыгы, он миңдеген адамдардын жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан курман болгон адамдардын жакындарына көңүл айтуу менен, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жаракат алгандардын тез сакайып кетишине, жабыр тарткандардын турмушу калыбына келишине ишеним артабыз”,- деп жазылган билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

