super.kg logo

"Бостондогу жардырууну уюштурган" деп шектелген Жохар Царнаев эсине келип, сурак бере баштады

 
Бир туугандар Тамерлан (солдо) жана Жохар (оңдо) Царнаевдер
Тамерлан менен Жохар Царнаевдер жардыруу болор күнү Бостондогу марафондо
Полиция кызматкерлеринин Жохар Царнаевди кармоо аракети
Айыпталуучу Жохар Царнаев

АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев бүгүн, 22-апрелде эсине келип, сурала баштады. Бирок ал сүйлөй албагандыгына байланыштуу жазуу аркылуу көрсөтмө берүүдө. Айта кетсек, 15-апрелде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган деп шектелип, Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң милиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Учурда тергөөчүлөр Царнаевдер менен дагы кайсы террор кыймылынын мүчөлөрү байланышта болгонун тактап жатат. Айта кетсек, Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргызстанда төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: