super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: 117 жыл мурун "Барселона" футболдук клубу түзүлгөн

 
Мындан 117 жыл мурун, 1899-жылы Испаниянын "Барселона" футболдук клубу түзүлгөн.
Швейцариялык Жоан Гампер 11 кишини бириктирип, футболдук клуб түзөт да, ага Каталония провинциясынын борборунун атын ыйгарат. Клуб түзүлгөндө анын герби аталган шаардыкына окшош болгон. 1910-жылы азыркы күнгө чейин колдонулуп келген гербди бекитишкен. 1929-жылы өлкөнүн Улуттук Лигасы түптөлүп, “Барселона” алгачкы чемпион болгон.
Клубга биринчи сокку 1936-1939-жылдары урулган. Өлкөдөгү жарандык согуш учурунда бийликти алган Франко баштаган фашисттер “Барселона” - улутчулдар уюму” деп, президенти Хосеп Суньолду өлтүрүп, клубдун үстүнөн өз билемдик саясатын жүргүзүшкөн. Фашисттик диктатура орноп, Каталониянын тилине, туусуна тыюу салынып, клубга да аталган тилдеги атын өзгөртүү талабы коюлган. Бирок “Барселона” атын өзгөртпөй, англис тилине которуп кутулган. 1975-жылы франкисттердин доору бүткөн соң гана өз атын кайра алган.
"Барселона” – Испаниянын Жогорку Лигасында “өмүр бою” ойноп келаткан үч команданын (“Реал Мадрид”, “Атлетик Бильбао”) бири. Андан тышкары "Барса" – Европа сезонун бир да жолу коё бербеген жалгыз команда. Белгилей кетсек, "Барселона" футбол командаларын гана эмес футзал, баскетбол, роликтүү хоккей жана гандбол командаларын дагы камтыйт.

29-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: