super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков "Жеткиликтүү турак жай" программасы жакшы иштебей келгенин моюнга алды

 

Өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасы жакын арада оң жыйынтыгын бере баштайт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда өкмөт жыйынында ушундай деди.

Премьер калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо программасы өлкө эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу ишке ашырылып жатканын билдирди. "Бардык маселени бир күндө чечүүгө болбойт, эң башкысы – бүгүн насыя 10 пайыз жылдык үстөгү менен берилип жатат, учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шартына канааттанган калктын белгилүү катмары бар десе болот. Азыркы тапта ипотекалык насыяны 500дөн ашык жаран алды", - деди премьер-министр.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигинин ири суммадагы айлык акысы "Жеткиликтүү турак жай" программасынын аброюн түшүрүп жатканын белгилеп: "Айлык акынын көлөмүн төмөндөтүп, бул тууралуу коомчулукка маалымдоо керек. Келечекте компания жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгондон кийин айлык акыны жогорулатуу маселесин көтөрсө болот", - деди.

Белгилей кетсек, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун төрагасы Бактыбек Шамкеев 107 миң сом айлык аларын жакында Жогорку Кеңеште билдирген. Бул маалымат коомдо талкуу жаратты, анын айлыгынын көптүгүн сындагандар аз эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: