super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: 10 жыл мурун Бишкекте Кыргыз өлкөсүнүн ХИПИК программасына кошулуусуна каршы акция башталган

 
Мындан 10 жыл мурун, 2006-жылы Бишкекте Кыргыз мамлекетинин ХИПИК (HIPC) программасына кошулуусуна каршы акция башталган. Акцияга укук коргоо уюмдары жана жаштар катышкан. Ошол кездеги премьер-министр Феликс Кулов тышкы карыздан кутулуунун жолу катары HIPC деген программага кошулууну сунуштаган эле.
2007-жылдын башында HIPC программасына каршы чыккан жарандык коомдордун, бирикмелердин саны отуздан ашкан. 2007-жылы 20-февралда өкмөт жыйыны HIPC маселесин карап, өкмөт мүчөлөрү дээрлик каршы добуш беришкен. HIPC`ти колдоп добуш берген каржы министри Акылбек Жапаров "тышкы карыздан кутулуунун тарыхый мүмкүнчүлүгү колдон чыкты" деп билдирген. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жыйында Кыргыз өлкөсүн жер карата турган мындай программаны башынан эле колдобой келгендигин айткан. Аталган программага көбүнчө Африкадагы кедей өлкөлөр киргени белгилүү.
29-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: