Токмокто "тургунду айнек бөтөлкө менен башка чаап, акчасын алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды
Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Ал Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну Т.Т. экени аныкталган.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында болгон. Анда 47 жаштагы А.Б. менен 33 жаштагы Т.Т. спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Натыйжада Т.Т. жанындагы шеригин айнек бөтөлкө менен башка чаап, 12 миң сомун алып качып кеткен.
"Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми факт боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.