super.kg logo

Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалык: "Райондо жыл башынан бери 274 ит атылды"

 

Чаткал районунда жыл башынан бери 274 жолбун ит атылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы Жунусбек Жолдошов билдирди.

"Жаңы-Базар айылында иттер койлорго тиш салып жатат" деген маалымат туура эмес. Мен бул маалыматты тактадым. Айылда жалгыз ит бир койго тиш салыптыр. Итти айыл аймактагы Ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын кызматкери жана иттин ээси атып, көмүшкөн. Иттин кутурма оорусу менен оорубагандыгы аныкталган. Ал эми жашоочулар талаада көпчүлүк ит малга кол салып жатат деп чочулабай эле коюшса болот", - деп билдирди Жолдошов.

Жунусбек Жолдошовдун маалыматына ылайык, Чаткал району боюнча 2016-жылдын февраль айында 274 ит атылган. Ал эми жакында район акими карышкыр атуу боюнча буйрук чыгарган.

"Жылдын экинчи жарымында итти атуу боюнча район акиминин буйругу чыга элек, бирок биз акимге жана айыл өкмөт башчыларына билдирүү бергенбиз. Ит атуу учурда каражат менен эсептелет. Бүгүнкү күндө итти атып көмүү, атылган жерди дезинфекциялоо, унаа менен көмүүчү жерге алып баруу иштери үчүн бир итке 130 сом жумшалат", - деп кошумчалады Ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын башчысы.

Эске салсак, окурман 28-ноябрда иттер малга тиш салып жатканын SUPER.KG порталына билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чаткалда кээ бир уйлордо экиден ит багып алган
жолдордо дайдиленип жургон иттер дагы эле толуп
журот.
29.11.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит койго кол салганы чын. Бир эмес эки жолу кол салган ошол ит.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: