super.kg logo

Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы күч алууда

 

Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы күч алууда. Бул тууралуу "Тез жардам" станциясы кабарлайт.

"Акыркы күндөрү "Тез жардам" станциясына болгон кайрылуулардын саны жогорулады. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы менен жабыркагандар көбөйдү, өзгөчө кичинекей балдар арасында. Тилекке каршы, өз убагында жардам берүүгө ресурстар жетишсиз, мындан улам жардам кечигүү менен көрсөтүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде "103" кызматына 1029 кайрылуу түшүп, аларды 38 бригада тейлеген.

"Тез жардамды" дене табын түшүрүү үчүн дары сайдырууга да чакырып жатышат. Андай дары сайылбай турганын эскертебиз. Баланын дене табын түшүрүү үчүн дары берип, комната температурасындагы суу менен сүртүп гана түшүрүү керек. Ошондой эле балдарга аспирин берүүгө болбойт", - деп эскертилет маалыматта.

Тургундарга кеңеш:

1. Эгер ооруп калсаңыз, үйдөн чыкпаңыз, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз, себеби инфекция тарап кетиши мүмкүн;

2. Ооруга чалдыкпоо үчүн сасык тумоо менен ооруган адамдардан алыс болуңуз;

3. Жөтөлсөңүз же чүчкүрсөңүз жүз аарчыны колдонуңуз;

4. Колуңузду самындап жууп, спирт кошулган каражат менен сүртүп туруңуз;

5. Мүмкүн болсо эл көп чогулган жерде көп убакыт өткөрбөңүз;

6. Бөлмөлөрдүн терезелерин ачып бөлмөнү желдетип туруңуз;

7. Туура тамактанып, активдүү болуңуз;

8. Эгер ооруп үйдө болсоңуз, ооруну жайылтпоо үчүн медициналык бет капты тагынып жүрүңүз;

9. Ооруп калган адамды өзүнчө бөлмөгө жаткырып, өзүнчө идиш, бет аарчы бериңиз;

10. Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясына антибиотик жардам бербейт;

11. Дене табыңыз жогору болсо, жеңил кийиниңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.11.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч бул оорунун сасык тумоодон айырмачылыгы барбы? Оорунун белгилери тууралуу билип бергилечи.
30.11.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruuke0000,бул оору ОРВИ деп айтылат медицинада.
Острый респираторный вирусный инфекция.
ОРВИнин отушуп кеткени грипп болот.
30.11.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курч муноздуу ал кандай оору
30.11.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамак кырылдап жотол басылбай жатат балдарымда.
Ооруканага алып барып корсотсом лечение жазып берди температура болбой аппетит ачылды бирок жотол басылган жок. 2 - ирет алып барып дагы дары жаздырып ичирдим жардам бербей жатат.
30.11.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алоенин ширесине бал кошуп сироп кылып бергиле балдарга берсем 2 кундо жотолу жоголду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: