super.kg logo

Кочкор районундагы айрым мектеп мугалимдеринин айлыктары кыскартылды

 

Кочкор районундагы айрым мектеп мугалимдеринин айлыктары кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда мугалимдер SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арсы жана Семиз-Бел айылдарынын мектептеринин мугалимдеринин айлыктары 20 пайызга, ал эми Кара-Тоо айылыныкы 10 пайызга кыскарган.

"Айлык акыбызды ноябрь айынан баштап кыскартышты. Буга чейин жаш мугалимдер 5 миң сом алышса, бул айда 4 миң алышты", - дешти мугалимдер.

Эскерте кетсек, буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аталган айылдар бийик тоолуу аймакка кирбей турганын билдирген. Мындан улам мугалимдер арасында нааразычылык жаралгандыктан, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова өкмөт тарабынан бийик тоолуу аймактарга кирген, алыскы, барууга кыйын шарттагы айылдарды аныктоочу комиссия түзүлүп, ишин баштаганын маалымдап, айлык акы азырынча ошол эле өлчөмдө берилерин 24-ноябрда айткан. Арадан 5 күн өткөн соң мугалимдердин айлык акысы кыскарганы маалым болду.

Арсы айылынын орто мектебинин директору Асипа Жумабаева айылда мугалимдер жетишпегендиктен, 19 мугалимдин 14ү башка айылдардан келип эмгектенишерин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.11.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондон коро депутаттардын, 107 мин эле айлык алам деп нараазы болгон ипотеканын директорунун айлыгын кыскартышпайбы. Пожары карапайым элге эле жетет
30.11.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят ай окмот уят иш,4000ге кантип жашайт кантип семья багат 1 кишиге жетеби озу 4мин сом..повар болуп кеткиле 500дон кунуно аласынар айына 15мин норма....
01.12.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4мин берип алып саанчыда тигиндей мындай деп суйлойсунор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: