super.kg logo
  Саясат  

2015-жылдын республикалык бюджетин аткарууда 4,8 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу болгон

 

Парламентте Кыргыз Республикасынын 2015-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчёту угулууда. Депутаттар 2015-жылы бюджет 3 жолу өзгөртүлүп, жалпы сумма 103 миллиард 752 миллион сомдон 116 миллиард 477 миллион сомго чейин көбөйтүлгөнүн, айрым министрликтер ашыкча, айрымдары жетишсиз каржыланганын айтышты.

Капиталдык салымдар дээрлик 6 миллиард сомго каржыланбай, Мамлекеттик инвестициялык программа дагы планда каралгандай аткарылбай калганы белгиленди. Башында мамлекеттик инвестиция программасы 41 миллиард сомго болжолдонсо, ал 19 миллиард сом суммасында гана аткарылган. 2015-жылдын республикалык бюджетин аткаруунун жүрүшүндө 4 миллиард 800 миллион 930 миң сомдук каржы тартибин бузуу фактысы аныкталып, 992 миллион 779 миң сом бюджетке кайтарылган.

Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына 444 миллион сомдук 82 каржы тартибин бузуу жөнүндө материал өткөрүлүп берилсе, 20 материал сотко жетип, 10 материал боюнча тергөө токтотулганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: