ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: 142 жыл мурун Улуу Британиянын даңазалуу мамлекеттик ишмери, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Уинстон Черчилль туулган

Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орунду ээлеп калган. 1951-1955-жылдары кайрадан Улуу Британиянын өкмөт башчысы болгон. 1955-жылдын 5-апрелинде ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген. 1964-жылы 27-июлда акыркы ирет британ парламентинин Лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан. 1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын ханышасы "лорд" даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган.
1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагына кошкон салымы үчүн Нобелдик сыйлыкка татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы аталган сыйлыкты алган). Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери да тарыхта калган. Мындан тышкары саясаттагы жетишкендиктери үчүн ал АКШнын ардактуу жараны аталган.
У.Черчилль Судандагы согушка жана атомдук бомбаны сыноодон өткөрүүгө катышкан. Саясатчы тарткан сүрөттөр Падышалык академияда өткөн көргөзмөлөргө коюлуп турган. Ал эми 1958-жылы анын жеке сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. 2002-жылы BBC компаниясы сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында У.Черчилль тарыхтагы "залкар британиялык адам" деп табылган. 20-кылымдын көрүнүктүү саясатчысы 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.
30-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

