Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 7 жыл аралыгында 120 миңден 173 миңге өскөн








Бишкекте 29-ноябрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата "Бирдей укук=Бирдей мүмкүнчүлүк" аттуу конференция өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Министр Таалайкүл Исакунованын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин 120 миңден 173 миңге өскөн.
"Бул 44 пайыздай көп. Мындай көрсөткүчтөр көңүл түшүрөт. Жыл сайын 650-700 балага шал оорусу диагнозу коюлат. Ата-энелерине жеңил болбойт. Көбүнчө андай балдар менен энеси калат, аталары мындай түйшүктү көтөрө албай, үй-бүлөдөн кетет. Энелер өмүр бою балдарын карап өтүүгө мажбур болгондуктан, жумуш тажрыйбасы жокко чыгат, камсыздоо жок, мамлекет тарабынан коргоого алынбайт. Мындай абал адамдарды балдарынан кутулууга түрткү берет", - деди Исакунова.
"Билим алуу - адамдын негизги укугу. Ар бир адам үчүн билим - башкы критерий. Өзгөчө билим мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн маанилүү. Билим алса, коомчулукка аралашуусу тездеп, анын толук укуктуу мүчөсү боло алат", - дейт Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын юристи Сейнеп Дыйканбаева.
Ошондой эле конференцияда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жумушка орношуу маселеси да каралганы маалым болду.


Операция кылып чукуп соо адамды оорулуу кылышты!
Жап жаш туруп майп болуп калды!