super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 30-НОЯБРЬ: Бүгүн Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү

 

Бүгүн Пилдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин экологдор көтөрүп чыгышкан. Максаты - пилдерди ырайымсыз мамиледен коргоо жана алардын популяциясын сактап калуу. Майрамда түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, пилдер тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, алардын жашоосун чагылдырган тасмалар элге көрсөтүлөт.

Пилдерге болгон мергенчилик ушул күнгө чейин токтобой келет. Эгерде бул абалды өзгөртпөсө, 30-50 жылдын ичинде пилдердин Жер планетасынан жоголуп кетүү коркунучу бар экенин экологдор эскертишет.

  • Пилдер кургактыктагы сүт эмүүчү жаныбарлардын эң чоңу болуп эсептелет.
  • Индиялык жана африкалык пилдер жоголуп бараткан жаныбарлардын түрү катары Кызыл китепке киргизилген. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму 1989-жылы пилдин сөөгү менен соода кылууга тыюу салган.
  • Жаңы туулган пилдин баласынын салмагы 100-120 килограммды түзөт. Ургаачы пил баласын жарык дүйнөгө алып келгенге чейин ичинде 22 ай көтөрөт.
  • Пилдин мээсинин салмагы 5 килограммды түзөт.

30-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: