super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кайын сиңдимди жек көрсөм да, ага чын дилден бакыт тилейм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ортомчу жеңелердин ролун аткаргандарга кыжырың келеби?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы кызыктуу билдирүүлөрдөн:

"Бир жолу маршруттук таксиден бир эже менен сүйлөшүп калдым. Бойдок экенимди билип дароо эле курбусунун баласын мактап кирсе болобу, "эки диплому бар, иштеген жумушу, үйү, ата-энеси жакшы турат" деп".

"Чоң апам бир жолу боорду эзип жатпайбы. Бишкектен Ошко учат, анан жанына жакшы бир аял отуруп калыптыр. Сөздөн-сөз чыгып, мени аябай жарнамалаптыр, "Силер тарапта ушундай кызга жигит барбы?" деп. Муну угуп же күлөрүмдү, же ыйлаарымды билбейм".

"Курбум ортомчу жеңенин жардамы менен ордун таап, бактылуу жашап жатат".

"Эми эки жашты өтө деле мактабай, болгонун болгондой айтып турмуш жолуна салып койсо жакшы. Анан жок эле нерселерди кошуп айткандарга каршымын".

"Бир эженин "кайын сиңдимдин бактылуу болуп, барган жерине тынып отуруп калышын чын дилимден тилейм, анын үйдө отурганы ашыкча маселе жаратат. Аябай жек көрсөм да, бактысын тилейм, ары-бери эр таап сатып жибериш керек" деп жылмайткан жайы бар. Демек, кээ бир жеңелер ач кулактан тынч кулак отурайын дешсе керек".

"Ушул ортомчулардын айынан ишке да, ашканага да чай ичкени кире албай калганмын. Эки кишинин башы бириккен жерде мага эр табышат. Чоң эле аялдарга эч нерсе дей да албайт экенсиң".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: