super.kg logo

Мыйзамсыз келишим түзүлгөнү боюнча "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин
221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгонун бүгүн, 30-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган ишкананын Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Е.Э. чет өлкөлүк компаниянын интернетке болгон бааны жогорулатуу боюнча бир тараптуу талабынын негизинде келишим түзгөн. Анда "К.Т.К" жана "G.K.S.G" ишканалары менен интернеттин 1 мегабит секундасына 30 доллар төлөө макулдашылган. Ошондой эле жогорудагы эки ишканага 275 миң доллар ашыкча төлөнгөн.

Буга чейин "G.K.S.G" ишканасы интернеттин 1 мегабит секундасына 13,84 доллар алып келген. Келишим 2016-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн. Мындан улам интернетти жеткирүүгө болгон баа өзгөрбөш керек эле.

Учурда иш өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштырга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: