super.kg logo

Филипп Киркоровдун "Жестокая любовь" ыры плагиат экени айтылууда

 

Учурда орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоровдун "Жестокая любовь" аталышындагы ырдын айланасындагы чыр күчөдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ноябрь айынын башында франциялык "Space" тобунун лидери Дидье Маруани Киркоровду плагиат боюнча айыптап, автордук укукту бузгандыгына байланыштуу 75 миллион рубль талап кылып Москва шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Анын айтымында, "Жестокая любовь" ыры "Space" тобунун "Symphonic Space Dream" чыгармасынын кайра иштелип чыккандагысы. Бирок Москва шаардык соту Маруаниге анын доо арызын кайтарып берген. Мындан кийин ал америкалык сотторго кайрыларын айткан.

Ал эми Москва полициясы Киркоровдун "Дидье Маруани опузалап акча талап кылууда" деген арызынын негизинде француз ырчысын камакка алган эле. Бирок бүгүн полиция ырчыдан кечирим сурап коё берилгени айтылууда.

28-ноябрда Дидьенин юристи Игорь Трунов эки тарап өз ара элдешип алганын, Киркоров күнөөсүн моюнуна алып, компенсация төлөп берүүгө макул экенин билдирген. Бирок андан аз өтпөй Киркоровдун адвокаты эч кандай келишим болбогонун, француз ырчысы менен Киркоровдун атынан Лексус жана Вован каймана аттуу пранкерлер сүйлөшкөнүн маалымдаган. Окуянын мындай өнүккөнүнө караганда, бул ырдын чыры дагы узакка созулат өңдүү.

Белгилей кетсек, Лексус (Алексей Столяров) менен Вован (Владимир Кузнецов) аттуу пранкерлер Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Украина президенти Петро Порошенкого телефон чалып, сүйлөшүү жүргүзүшкөн.






SPACE - Symphonic Space Dream

 
 Кыстарылган аудио 

Ф.Киркоров-Жестокая любовь

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.11.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошол лексус менен Вованды мага жолуктуруп койгулачы!бираз эмдеп коеюн!
30.11.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тимати жата калып кулуп жатса керек ырас болду ХХХ деп
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-01 10:04:31
01.12.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulik-89, этика нормаларын сактаңыз!
30.11.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч Эле окшоштугу жоктой корунотко)
30.11.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
МЕН ДА ОКШОШТУК ТАППАДЫМ, БИР АЗ ГАНА. БИРОК ЫРЛАРДА БОЛО БЕРЕТ ДА
30.11.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул закон кыргыз казак ырчыларына да керек экен
30.11.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул мыйзам.
01.12.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН ДА ОКШОШТУК ТАППАДЫМ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: