Аламүдүн районунда Орусиянын эки жараны уурулукка шектелүүдө
Аламүдүн районунда Орусиянын эки жараны уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине Ленин айылынын 49 жаштагы М.И. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам дүкөнүнөн азык-түлүк, бирдик салган карточкаларын жана 70 миң сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Келтирилген чыгым жалпы 127 миң сомду түзгөн.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ю.Д. жана 21 жаштагы М.А. кармалган. Экөө тең Орусиянын жарандары болушкан. Учурда алар Бишкектеги №1-СИЗОдо камакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
GGggUUuuLLll

30.11.2016. 19:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы коркпой орус жарандарын камакка алыпсыңар демек жакшы иштеп жатасыңар...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.