super.kg logo
  Саясат  

Эрдоган "Сирияда Башар Асаддын бийлигин кулатуу аракетин баштадык" деп айтып, Орусиянын оозун ачырды

 

29-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган маалымат жыйынында "Сирияда Башар Асаддын канкор бийлигине чекит коюу үчүн түрк аскерлери операция баштады" деп билдирген. Буга чейин Сириянын аймагындагы Ислам мамлекетин жок кылууга белсенип, Орусиянын позициясын колдогон Эрдогандын бул билдирүүсү көпчүлүктү таң калтырды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль учурда расмий Анкарадан бул билдирүүнүн чечмелениши тууралуу маалымат күтүп жатканын айтат. "Биз бул билдирүүнү Анкаранын позициясы катары караган жокпуз. Бул өтө олуттуу билдирүү жана биз үчүн чоң жаңылык болду", - дейт ал.

Башар Асад башында турган Сирия бийлиги учурда Ислам мамлекети менен согуш жүргүзүп келет. Бул согуштун уланып жатканы боюнча жоопкерчиликти Асад аларын, күн сайын кан төгүлүп жатканына Асаддын жооп берерин бир катар батыш өлкөлөрү билдирип келишет. Анын бийлигин Орусия колдоого алып, Сирия аскерлерине куралдуу жардам берип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: