Ташкентте шайлоо күнү коомдук унаалар жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт
Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте шайлоо күнү коомдук унаалар: автобус менен метро бир күн кечке жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.
Маалыматта Ташкент шаардык бийлигинин демилгеси менен 4-декабрда шаардагы коомдук транспортту бекер кылуу чечими чыккан. Бул күнү ташкенттиктер маршруттук таксиден башка коомдук унааларды бекер колдоно алышат. Мындай чечим шайлоону жогорку деӊгээлде өткөрүү, шайлоочуларга жана бардык шайлоо процессинин катышуучуларына ыӊгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган. Автобус менен метро аталган күнү таӊкы саат 5:00дө өз ишин баштайт.
Белгилей кетсек, 4-декабрда өлкөдө президенттик шайлоо өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.