super.kg logo

Кыргыз жеринде сүт өндүрүү долбоорун иштеп чыгууга 525 миӊ доллар бөлүнөт

 

Кыргыз жеринде сүт өндүрүү долбоорун иштеп чыгууга 525 миӊ доллар бөлүнөт. Тийиштүү документ парламентте 30-ноябрда каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусунун сүт өндүрүү тармагын жакшыртуу максатында 525 500 доллар гранттык каражат бөлөт. Каражат 4 багытта жумшалмакчы: изилдөөлөрдү жүргүзүү, тиешелүү документтерди даярдоо, мекемелердин мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, гранттык аудит жүргүзүү.

Өкмөт өкүлдөрү азыркы учурда уйлардын сүттүүлүгү төмөн экенин, орто эсеп менен бир уйдан жылына 2028 литр сүт сааларын белгилешти. Бул гранттык каражатка атайын долбоор иштелип чыккан соӊ, пилоттук долбоорду ишке ашырууга 25 миллион доллар жеӊилдетилген насыя бөлүнөт. Каражат 2017-жылдан тарта бериле баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: