super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: 5 жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен

 

Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи ирет тынчтык жолу менен, 30-октябрда өткөн шайлоонун негизинде тандалган Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен.

Алмазбек Атамбаев президенттик антын Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында берген. Ал салтанатта ага президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылган. Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылып, инаугурация аземине Түркиянын ошол кездеги президенти Абдуллах Гүл, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Раси-заде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышкан.

1-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: