super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: 71 жыл мурун Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы негизделген

 

71 жыл мурун, 1945-жылы Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы негизделген. Ал Парижде өткөн Эл аралык аялдардын конгрессинде аялдардын укуктарын, балдарды жана алардын бакубаттуулугун коргоо, элдердин көз карандысыздыгын жана демократияны камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Бул федерация улутуна, расасына жана диний, саясий көз караштарына карабай бардык континенттердеги аялдарды бириктирет. Уюмдун алгачкы президенти болуп франциялык коомдук ишмер жана физик Эжени Коттон дайындалган. 1974-жылы федерацияга 97 өлкөдөн 112 улуттук аялдар уюму кирген. Бул уюм буга чейин 16 жолу конгресс өткөрүп, алар Будапешт, Копенгаген, Вена, Хельсинки, Берлин, Прага, Москва, Париж, Бейрут, Каракас, Бразилиа жана Богота жана башка шаарларда уюштурулган.

1-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: