super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө KG номурунун ордуна AС деген номурлар пайда болду

 

Өкмөттөгү чиновниктердин автоунаалары үчүн KG номурунун ордуна AС деген номурлар пайда болду. Муну 1-декабрда депутат Акылбек Жамангулов билдирип, өкмөттү бул аракетин токтотууга чакырды. "Бир жыл мурда президенттин аппараты, өкмөт, парламент өзгөчө номур катары KG номурунан баш тарткан. Азыркы учурда өкмөт атайын токтом чыгарып, өзгөчө АС номурларын пайдаланып жатыптыр. Муну иликтеп чыгып, чара көрүү зарыл", - дейт депутат.

2015-жылдын декабрында депутаттар парламентти тейлеген унаалардын KG номурунан баш тартышкан. Тийиштүү токтомго 99 депутат "макул", 9 депутат "каршы" деп добуш берген. Өзгөчө номурдан президенттик аппарат да баш тарткан эле. Ал эми бир жыл мурун өлкөдө автоунаалардын мамлекеттик номурлары өзгөрүп, 4 сандуу номурлардын ордуна 3 сандан турган номурлар колдонууга берилди. Бул номурлар тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев: "Жаңы номурларда аймактар өз-өзүнчө белгиленет. Мындан тышкары KG сериясындагы өкмөттүк номурлар жоюлат. Эми 001, 002 деген өкмөттүк номурлар болбойт. Бардык транспорттордуку дээрлик бирдей болот. Мамлекеттик унаадагы номурлар менен жеке менчиктеги унаалардын номурлары бири-биринен кескин айырмаланбайт, анткени жолдо баарыбыз бирдейбиз", - деп билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: