"Кыргыз мамлекети 2 жылдан кийин "Кумтөрдүн" көзүн карабай калат" деди президент
"Жер-Үй" алтын кени үзүрүн бере баштаса, Кыргыз Республикасы 1,5-2 жылдан кийин "Кумтөрдүн" көзүн карабай калат. Мындай пикирди 1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Өлкө жетекчиси 11-декабрда референдум өткөндөн кийин "Кумтөр" боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерра" компаниясы бир пикирге келерин, анткени кыргыз тарап баштаган ишинин аягына чыгарына "Центерранын" көзү жетерин айтты.
Президент бийлик баштаган иштердин айрымдары 2017-жылга чейин эле көрүнсө, калгандары өзү кызматтан кеткенден кийинки жылдары жемиш берерин белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
6

