super.kg logo
  Саясат  

Президент "сырттан карыз алуудан коркпош керек" дейт

 

"Сырттан карыз алуудан коркпош керек", - деди бүгүн, 1-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев.

"Биздин 6 миллион калкыбыз үчүн 3,7 миллиард доллар өлчөмүндөгү карызыбыз бар. Ал эми 160 миллион калкы бар Казакстандын карызы 160 миллиард доллар. Казакстан дагы мунай кендерин өндүрүүгө карыз алып жатат. Бизде ири мунай кендери жок, бирок мунай менен байыган мамлекеттер эртең терс жагын көрүп калышы мүмкүн. Биз жолдорду курууга, электр тармагын өнүктүрүүгө карызды ала беришибиз керек, анткени жол жана электр энергиясы жок экономикабыз өнүкпөйт.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкө башчылары карыз ала албай жүрүшөт, ал эми Атамбаевге гранттарды жана жеңилдетилген насыяларды алууга жеңилирээк. Эң негизгиси, карызды ичип-жебей, өнүктүрүүгө жумшаш керек. Алсыз өлкө карыз алуудан коркот, биз коркпошубуз керек. Мен колдон келишинче өлкөбүз үчүн көбүрөөк жеңилдетилген насыяларды алууга үлгүргөнү жатам, анткени Атамбаевге беришет, ал эми менден кийинки президентке мындай аз пайыздык насыяларды беришеби - чоң суроо", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: