super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Казактардан Каркыраны кайтарып алалы десек, ордуна башка нерсе берүүгө туура келет"

 

Казакстандан Каркыра жайлоосун кайтарып алуу үчүн ордуна башка нерсе берүүгө туура келет. Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

Өлкө жетекчиси Кыргыз Республикасынын аталган жайлоосун Казакстанга карматып жиберүү учуру азыркыга чейин көз алында экенин, Каркыраны сатпаса болбой турганын айтып чыккандардын бири экс-депутат Зайнидин Курманов экенин баса белгиледи.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы айрым талаштуу жерлер Бакиевдин тушунда коңшуларга өтүп кеткенин да айтты. "Эл аралык талаптар бар, эгерде бүгүн Каркыраны кайтарып алалы десек, ордуна башка нерсе берүү керек. Бардык документтер бар, ар бир жаран жоопкерчиликке тартылат. Кылмыштын эскирүү мөөнөтүнө шылтап сот алдында жооп бербеши мүмкүн, бирок тарых алдында жооп беришет", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: