super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Турмушка эрте чыкканыма өкүнөм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эрте келин болгон эселектер" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор "18ге чыга элек кыздарды турмушка узатууга болобу?" деген суроо салган.

Буга форумчулардын жооптору мындай:

"Мурун кыздар-балдарды 13-14 жашында үйлөнтүп, турмушка беришчү. Ал кезде балдар да, кыздар да жашоого даяр болуп, турмушту алып кете алышчу. Ошол замандын талабы боюнча кыздар үй оокатын кылса, эркек балдар мал карап, үй-бүлөсүн бакса жетиштүү эле. Азыр турмуштун талабы башка".

"Менимче, кыздар турмушка шашпай эле койгону жакшы, өмүр бою казан-аяктан колуң үзүлбөйт, кай жерде болбо".

"Мыйзам боюнча 17 жаштан жогорку курактагы кыздар турмуш курса болот, бакыттын эрте-кечи жок".

"Шашпай эле койгула. 22ге чыгып тийген мен деле кээде "тийбей коё турбай, окуумду бүткүчө" деп өкүнүп калам. Экөөнү бирдей алып кетиш оор экен".

"Медицина боюнча кыздардын организми 20 жаштан кийин гана эне болгонго даяр болот. Менимче, кыздарды 20-24 жаштарда турмушка узатса болот".

"Өзү бала туруп кантип эне болот, кандай тарбия берет? Үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо - чоң жоопкерчилик".

"Мен 18 жашымда турмушка чыктым, 20да тунумду төрөдүм. Ата-энемдин мээнетин актабадым, Кыргыз мамлекетинде турсам да бир жылда бир барчумун. Азыр эми экөөнөн тең айрылып калдым. Менин жашоодогу өкүнүчүм ушул".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.12.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Охо, бул жерге Өзбек ажыны алып келиш керек экен...
01.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарды 20 жаштан кийин гана турмушка узатышса жакшы болмок токтолуп уй було деген нерсени сезип калышат
01.12.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Eger ui bulondu bagyp ketkenge kozun jetse, uilono ber da, kuyoogo tiye ber. Menin inim 21 de , jaiynda uilonom deit, menden ai saiyn akcha surait, ary beri baskanyna, men taptakyr tushunboim, uilonso ayalyn, bala chaka degendi kantip bagat, ata ene , tuugandardyn jelkesine oturat da... Oshonduktan birinchi kelechekti oilonup uilongulo!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: