super.kg logo

Лира Чолпонбаева: "Оорулуу баламдын акчасын өндүрүү боюнча арызымды укук коргоо кызматы 2 айдан бери карай элек"

 
Лира Чолпонбаева

"Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фонду оорулуу баламдын акчасын бербей, таптырбай кетти", - деп билдирди Лира Чолпонбаева. Ал бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди:

"Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фонду буга чейин "кайрымдуулук концертинен түшкөн акчаңызды төлөп беребиз" деп убада берген эле. Андан бери дагы эки ай убакыт өттү. Аталган концерт 31-май күнү Бишкектеги Спорт Ордосунда өткөн. 6 айдан бери балама берчү 62 миң сомду бербей качып жүрөт. Алар кеңсесин да алмаштырып кетишиптир. Эми дарегин таппай жатам. Кайрымдуу адамдардан үмүт кылып, концерт өткөрөбүз дегенде макул болдум эле".

Маалыматка ылайык, кайрымдуулуктан түшкөн акчасын ала албай алданган эне октябрь айында Ички иштер министрлигине акчаны өндүрүп берүү боюнча арыз менен кайрылган. Бүгүнкү күндө арыз боюнча иш алып барган күч кызматкерлеринен да дайын жок экенин айтты.

"Эки ай мурда жазылган арызымды милиция карабаса, анда президентке кайрылам. Андай кадамга барбасам болбойт, анткени баламды дарылатууга каражат керек. Өзүм ашканада иштейм. Акча жок кыйналып жатам", - деп кошумчалады Чолпонбаева.

Ал эми "Бакыт нуру" коомдук кайрымдуулук фондунун төрайымы Анара Эгембердиевага байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал буга чейин ак кан менен ооруган балага арналган концерт өзүн актабай калганын, бирок акчасын төлөп берерин айткан.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Лира Чолпонбаева "балама жардам беребиз деп кайрымдуулук концертин өткөргөн фонддун жетекчилиги качып жүрөт" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ортодо жеп бутушту да. Азыр мындайлар кобоюп кетпедиби. "Эшегине жараша тушагы" делит беле. Бизде бут жегичтер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: