super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: 216 жыл мурун Вашингтон Америка Кошмо Штаттарынын борбору аталган

 

Мындан 216 жыл мурун, 1800-жылы Вашингтон Америка Кошмо Штаттарынын борбору аталган. Америка революциясы бүткөн соң бир нече штаттар жана андагы шаарлар АКШнын борбору анын аймагында болушу керектигин айтышкан.

1790-жылы 16-июлда АКШ Конгресси Потомак дарыясынын үстүнө 26 чарчы чакырым аянты бар шаарды салуу тууралуу чечим чыгарган. Куруу иштери боло турган жерди туңгуч президент Жорж Вашингтон тандаган. Жаңы борбордун аймагын Колумбия округу деп, ал эми шаардын өзүн президенттин урматына Вашингтон деп аташкан. Жаңы шаардын планын иштеп чыгуу менен аскер инженери Пьер Ланфан алектенген.

Конгресс жана өкмөттүк мекемелер Филадельфиядан Вашингтонго көчүрүлүп келгенден кийин, 1800-жылы 1-декабрда Вашингтон АКШнын борбору макамына ээ болгон. Вашингтондо АКШнын президентинин резиденциясы, Конресстин имараттары, Жогорку Сот жана башка федералдык мекемелер жайгашкан. Ошондой эле борбордо Улуттук илимдер академиясы, Ботаникалык бакча жана Смитсонов институту, 5 жогорку окуу жай, жүздөгөн музей орун алган.

1-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: