Кыргыз эли Алмазбек Атамбаевдин жаңы ырларына күбө болот
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев чыгармачылыгын улантат. Бул тууралуу ал 1-декабрда маалымат жыйынында билдирип, ырчылык өнөрү менен алектенүүгө бир жылдан кийин же президенттик кызматтан кеткенден кийин кенен убакыт болорун белгиледи. Демек, кыргыз эли президенттин жаңы ырларына күбө болору күтүлөт.
Айта кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин гитаранын коштоосунда аткарган бир нече ыры коомчулукка жарыяланган. Алардын ичинде элде жакшы кабыл алынып, радиолордон берилип жүргөндөрү да бар. Президенттин чыгармачылыгын колдогондор да, ырдоого арнаган убактысын элдин жашоосун жакшыртууга жумшаса жакшы болорун айткандар да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
1

Сырын менен ХХХ
Кыркка болгон кыргызды
Чырын менен ХХХ
Элин жудоп олтурса
Ырын менен ХХХ