super.kg logo

"СПИД - өлүм жазасы эмес. Адам учурунда дарыланса, ооруну сезбей жашай алат" дешет активисттер (фото)

 

Бүгүн, 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карата Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде атайын иш-чара өткөрүлдү. Ага окуучулар, жогорку окуу жайдын студенттери, бир нече коомдук уюмдар, ырчылар, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери жана башкалар катышышты. Иш-чаранын алкагында "СПИДге жол жок!" деген темада сүрөт көргөзмөсү өтүп, бий флешмобу уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтымында, СПИД - бул адам үчүн өлүм жазасы эмес. Эгерде адам ооруну эрте аныктап жана токтоосуз дарыласа, анда ооруну башкаларга жугузбай, үй-бүлө куруп, ден соолугу чың балдарды жарыкка алып келип, ВИЧти сезбей узак жашай алат.

Эскерте кетсек, өлкөдө 2016-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзөт, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар.

10 ай аралыгында ВИЧти жугузгандардын 56,6 пайызы жыныстык катнаш жолу менен жугузса, кан аркылуу 24,4 пайыз, белгисиз жол менен 16,6 пайыз, энесинен 2,1 пайызы жугузган. ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаш курагындагылар.






СПИДге каршы бий флешмобу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
мындай оорудан Кудай өзү сактасын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: