super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз шахматчысы Семетей Төлөгөн Тегин эл аралык турнирде алдынкы ондукка кирди

 

Кечээ, 30-ноябрда Казакстандын Павлодар шаарында өткөн "Павлодар-опен-2016" Эл аралык шахмат боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Ага Казакстан, Бельгия, Чехия, Орусия, Украина, Беларусь, Армения, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган 96 шахматчы катышкан. Өлкөбүздүн атынан Семетей Төлөгөн Тегин жана Михаил Марков барганы белгилүү болду.

"Бул турнирге жөн эле шахмат ойногону баргам, орун алам деген ой келген эмес. "Павлодар-опен-2016" мени позитивге бөлөп, 6-орунга чыктым. Мындай жыйынтыкты өзүм күткөн эмесмин. Себеби 4-турдан баштап гроссмейстерлер менен гана ойноп жаттым", - дейт Семетей Төлөгөн Тегин.

Анын айтымында, ал алдынкы ондукка кирүүнү да ойлогон эмес.

"Акыркы турда 4-орунда келе жаткам. Атаандашымды утсам, 1-орунга ээ болмокмун. Бирок тең чыгып, 6-орунду алдым", - деп кошумчалады шахматчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!Ийгилик мекендешим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: