super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Караколдо мыйзамсыз курулушка катуу чара көрүлбөй жатканын айтат окурман

 

Караколдо мыйзамсыз курулушка катуу чара көрүлбөй жатканын SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу бүгүн, 2-декабрда кабарлады.

"Пржевальский-Жусаев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатат. Бул жер тилкенин ээлериби же ижарачыларыбы, колунда тиешелүү документтери жок, кошуналары менен макулдашпай кампа салып жатышат. Ошондой эле курулуш кызыл сызыктан 1 метрден ашык чыгып, бетон мамылары орнотулган. Биз Ысык-Көл облустук экологиялык-техникалык инспекцияга кайрылганбыз. Алар катуу чара көрбөгөндүктөн, курулуш иштери уланып жатат. Каракол шаарында мыйзамсыз салынган курулуштар жүздөп саналат. Шаардык бийлик акча болсо эле бардык жумуштарды бүтүрө береби?" - деген суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдик кабардын ачылганы жакшы болду жаңылык болуп чыгат тез арада чечилип калып жатат көйгөйлөр. Бир гана "ЭШЕК БИЗНЕС" канча жолу элдик кабарга жер жерлерден чыкты бирок жыйынтык жок. Демек "крышасы" күштүү же өкмөт башында тургандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: