super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдөн Орусиянын аскер базасы чыгарыларын айткан Алмазбек Атамбаевге Орусия жооп кайтарды

 

Өз аймагынан Орусиянын аскердик базасын чыгарса, Кыргыз Республикасы терроризм менен жалгыз күрөшүүгө туура келет. Мындай пикирди 1-декабрда Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Владимир Жабаров билдирди. Орусиялык ММКлар жазгандай: "Эгерде Кыргыз Республикасынын Президентине орусиялык базанын кереги жок болсо, демек, ал террористтик коркунучтарга, жакын жерде жүрүшкөн талибдерге каршы турууга даяр. Ошентсе да жыйынтык чыгарууга шашылбайлы, балким, жыйынтыгында башка чечим кабыл алынып калышы мүмкүн", - дейт Жабаров.

1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жеринен Орусиянын аскердик базасы чыгарыла турганын айтты. Кыргыз Республикасы келечекте өз күчүнө таянышы керек деген пикирде. Президент 2014-жылы өлкө аймагынан АКШнын аскердик базасынын чыгарылышы да туура чечим болгонун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: