super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: 6 жыл мурун Viber программасы иштей баштаган

 

6 жыл мурун Viber программасы иштей баштаган. Viber - кат алмашуу жана чалып сүйлөшүү үчүн ылайыкталган мобилдик тиркеме. Аны израилдик Тальмон Марко жана Игорь Магазинник негиздеген.

Viber`дин алгачкы версиясы iPhone телефондорунда гана иштеп, 50 миң колдонуучу гана каттала ала тургандай чектөөлөрү болгон. 2014-жылы январь айында аталган программаны япониялык компания 900 миллион долларга сатып алган.

Viber азыр Windows, OS X, Linux иш столдорунда (десктоп), Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone операциондук системдеринде иштейт. Мында Symbian`да болгону СМС-билдирүү гана жөнөтүп, кабыл алууга мүмкүн. Ал эми чалууларды аткаруу каралган эмес. Аталган программа дүйнөнүн 200 өлкөсүнө жайылып, 30 тилге которулган. Viber`ге 2016-жылдын май айына карата 754 миллион адам катталган. Көз карандысыз булактардын эсептөөлөрүндө программаны иштеп чыгууга жалпысынан 30 миллион доллар сарпталган.

2-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: