super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Роналдиньо авиакырсыкта футболчуларынан айрылган "Шапекоэнсе" клубуна ойноп берүүгө даяр

 

Колумбияда орун алган авиакырсыкта дээрлик бардык футболчуларынан айрылган бразилиялык "Шапекоэнсе" клубуна моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү уланууда. Футболчу Криштиану Роналду каза тапкандардын жакындарына көңүл айтуу менен 3 миллион евро өлчөмүндө акчалай жардам көрсөткөн. Ал эми бразилиялык футболчу Роналдиньо менен Аргентина курамасынын мурунку лидерлеринин бири Хуан Рикельме клубга ойноп берүүгө даяр экенин билдиришти.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, алар клубду колдоо иретинде клуб менен келишим түзүүгө даяр.

Учурда клубду Бразилиянын А сериясында (өлкө чемпиондугу), сактап калуу, оюнчулар менен камсыздоо, чыгымдардын ордун толтуруу аракеттери кызуу жүрүп жатат.

36 жаштагы Роналдиньо карьерасын расмий түрдө жыйынтыктабаганы менен, 1 жылдан бери расмий оюндарда майданга чыга элек. Ал эми 38 жаштагы Хуан Рикельме 2 жыл мурун бутсасын мыкка илип, профессионалдык карьерасын жыйыштырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.12.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец
02.12.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар баарынар бирин акчалай жардам бирин ойноп берип бир команда утулуп берип кыскасы соз жок эн сонун
02.12.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Азамат десе барселонанын тарбиясын алганда
02.12.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер былтыры туштук американын чемпиону болгон команда кубокту шипекоэнсеге бериптир деп уктум.ошол ж.о кабар берсениздер
02.12.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер былтыры туштук американын чемпиону болгон команда кубокту шипекоэнсеге бериптир деп уктум.ошол ж.о кабар берсениздер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: