super.kg logo

"УКМК Facebook'тагы "Мурч" баракчасы мага таандык деген доо коюп жатат" дейт Жети-Өгүздүн тургуну

 

Facebook социалдык тармагындагы "Мурч" аталышындагы баракча учурдагы бийлик өкүлдөрүн жана президентти маскаралаган сүрөттөрүн жарыялаганы менен аталган тармактын колдонуучуларынын арасында белгилүү. Бүгүн, 2-декабрда Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 1987-жылы туулган Жоомарт Жамгырчиев аттуу тургуну SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери бул баракча ага тиешелүү экенин айтып, бир нече жолу суракка чакырышканын билдирди.

"УКМКнын кызматкерлеринин айтымында, ал баракчага биздин үйдөгү IP дарегинен сүрөттөр жүктөлүптүр. Алгач 30-ноябрда атам менен агамды суракка чакырышыптыр. Андан кийин мени чакырышты. Үчөөбүз тең ал баракчага тиешебиз жоктугун айтып, түшүнүк кат жазып бергенбиз. Кайра кечээ, 1-декабрда Караколдогу бөлүмүндө мени 3-4 саат кармашты", - деди Жамгырчиев.

Жоомарт Жамгырчиев социалдык баракчаларда буга чейин бир гана "Мурч" баракчасына эмес, көптөгөн оппозиция өкүлдөрүнүн, ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин баракчасына да жазылганын билдирди. Ал үйүндө интернетке "Кыргызтелеком" ишканасынын кызматы аркылуу кирерин айтып, wi-fi орнотулганын кошумчалады.

"Канат Табалдиев деген кызматкер суракка алып, кечээ оппозициянын оюн колдоорумду айтты. Мен оппозициядагы адамдардын жаңылыктарын окусам эле алардын оюн колдогон болбойм да. Президенттин деле баракчасына жазылгам, аны эмнегедир айткан жок. Өзүм банкта иштейм, бийликти жамандагандын мага пайдасы жок", - деди Жоомарт Жамгырчиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
02.12.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чукубаган ушул эле калды,эми кайсыл баракчага кирсек ким эмне дээр экен деп олтурат экенбизд да
02.12.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Соз эркиндигине жеттик дедиле кечээ АША.
Соз эркиндигине жетпей эле, кайра соз эркиндигин кыскартып жатпайбы....
Ушунча козду каратып туруп, мындай кылганы туура эместа...
02.12.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Tansuluu09, бул деген шылдындоо АКШ да жашасан бул учун атып салмак сени. Ар кимди шылдындаса болбойт бул жерде укук бузулуп жатат. Сени дагы суроттунду шылдындаса сен дагы чара колдонмоксун
02.12.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
vrach, билбеймго бирок Обаманы деле шылдындап журушотко. Ошолорго чаара корулот деп ойлойсунбу?
Ачуу чындыкты айткандындырда Депутаттарга карата...
Tansuluu09 түзөттү 2016-12-02 15:00:40
02.12.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо Атамбаевдин Россиянын аскердик базасы жөнүндө айтканын жазбайсыңары?
02.12.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tursunbaev78, саламатсызбы. Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди!
03.12.2016. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул беле ? Озу ашыкча эле болуп кеткен . 15 суткага олтургузса ошондо башкалардын жеке инсандык абройуна асылбай калат.
03.12.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78,авиабазанын срогу 2032 жылы бутот .Ага чейин ким бар ким жок ошол убактагы президент кандай деп чечет ким билет??
02.12.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Татыксыз адам азыркы шеф.
02.12.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur_zhoni, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
02.12.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Туура кылат сөз эркиндиги деп эле такыр эле наадан болуп баратышат.
02.12.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ тууган Tor деген бар ошол менен кир интернетке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: