Караколдо мыйзамсыз курулуштун ээсине 10 миң сом айып салынды

Бүгүн, 2-декабрда Каракол шаарынын Пржевальский-Жусаев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатканы "Элдик кабар" рубрикасына кабарланган.
Экологиялык-техникалык инспекциянын Каракол шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Тилек Исраилов аталган курулуштун ээсине 10 миң сом өлчөмдө айып салынганын SUPER.KG порталына кабарлады.
"Бизге түшкөн арыз боюнча кызматкерлер барып, текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында курулушту ал тилкеге ишеним каттын негизинде Бердибаев аттуу жаран мыйзамсыз түрдө салып жатканы аныкталып, 10 миң сом айып салынган жана өндүрүлгөн. Учурда курулуш иштери токтотулган", - деди Исраилов.
Ошондой эле инспекциянын башчысы курулуштун кызыл сызыктан чыккан-чыкпаганын шаардык архитектура бөлүмү карай турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:9
2025-07-10
12:15
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.