super.kg logo

Эскирген форма кийип, эски техникалар менен иштеген өрт өчүрүүчүлөр: "16 кабаттан бийик үйдө өрт чыкса өчүргөнгө алыбыз келбейт"

 

Өлкө аймагында соңку убактарда өрт кырсыктары байма-бай катталып келет. Бул учурда күжүрмөн даярдык менен барган өрт өчүрүүчүлөр өз өмүрүн тобокелге салып, тилсиз жоону токтотууга ашыгышат. Айрым убактарда кызмат учурунда ден соолугунан ажырап, кээде өмүрү менен коштошкондор бар. Тилсиз жоо көп чыгым алып келсе, өрт көпкө созулса өрт өчүрүүчүлөргө сөз тиет. Бирок бардык учурда эле өрт өчүрүүчүлөр күнөөлүү эмес экенине ынандык. Эскилиги жеткен техникалар, эски кийимдерди кийип жүргөн кызматкерлердин абалы менен SUPER.KG порталы таанышып кайтты.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күнүмдүк жашоосун, аткарган ишинин татаалдыгын жана өмүргө кооптуулугун коомчулукка чагылдыруу максатында Бишкек шаарындагы Осмонкулов көчөсүндө жайгашкан бөлүгүнө бардык. Алгач имараттын абалы менен таанышып, ичиндеги шарттарына күбө болдук. Өрт өчүрүүчү кызматкерлердин имаратына кирерибиз менен суусу толтурулуп, даяр турган унааларды көрдүк.

Күн-түндөп нөөмөт бөлүмүндө турган кызматкерлер үчүн жатакана уюштурулган. Мында кызматкерлер эс алышат. Бош убактыларында шахмат, шашки, теннис ойношот. Чакыруу түшөр замат 1-2 мүнөт ичинде кийимдерин кийип, шаймандарын алып чуркашат.

Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинде макала даярдоо учурунда борбор калаада имарат күйүп жатканы тууралуу чакыруу келип түштү. Бул чакыруу атайын даярдык же уюштурулган окуу эмес эле. Өрт өчүрүүчүлөр менен кошо кырсык болгон жерге бет алдык. Өрт өчүрүүчү унаанын катуу чыккан сиренасына карабай көпчүлүк айдоочулардын жол бербей, тең жарышып айдап жатканына күбө болдук. Арасынан айрым унаалар гана жол бошотуп беришти.

Өрт өчүрүү учурунда кызматкерлер ыкчам кыймылдап, өз ишин так аткарышты. Бирок эскилиги жеткен суу түтүктөрүнүн ар кайсы жеринен суу чачырап жатты. Анчалык чоң эмес өрттү өчүрүүгө жарым сааттай убакыт кетти. Кырсык болгон жерге топтолгон тургундар өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти.

Соңку убактарда Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигине көңүл бурулбай калганы айтылды. Ал тургай акыркы 7 жылдан бери жаңы өрт өчүрүүчү унаалар алына элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Арзымаматов айтып берди.

"Биздин агенттиктеги унаалардын 73 пайызы 1965-1980-жылдары өндүрүштөн чыгарылган эски унаалар. 2009-жылы Орусиядан 65 унаа алганбыз. Бул унаалар менен агенттиктеги унаалардын 23 пайызы гана жаңыланган. Жалгыз гана 50 метр бийиктикке чыгуучу унаабыз бар. Бул 16-кабатка гана жете алат. Эгер 16-кабаттан жогорку кабаттарда өрт чыкса, аны биз өчүрө албайбыз. Тик учагыбыз да жок. Мындан сырткары 50 метрге жетүүчү автошаты иштеп келген, бирок ал учурда бузук абалда", - деп билдирди Арзымаматов.

Бактыбек Арзымаматовдун маалыматына ылайык, агенттиктеги өрт өчүрүүчүнүн кийимдери акыркы 5 жылдан бери жаңылана элек. Агенттикте өлкө боюнча 3 миңден ашуун кызматкер эмгектенет. Ал эми калкка кызмат кылып өрт өчүрүүгө чыгып жаткан унаалар 50 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылып келет.

"Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигиндеги кызматкерлерге голландиялыктар кийип, керектен чыгарылган формаларды гуманитардык жардам катары алып келип беришкен. Бүгүнкү күндө өрт өчүрүүчүнүн формасы өзү 7 миң сомдон 12 миң сомго чейин бааланат. Башка кийилүүчү каска 5 миң сомдон жогору турат. Куру, балтасы, бут кийими - баары биригип бир кызматкерди толук кандуу даярдоого 30 миң сомдон жогору каражат кетет", - деп кошумчалады материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

Ал эми тик учак сатып алууга 24 миллион сомдон көп акча каражаты жумшаларын, бирок андай каражат аталган агенттикте жок экендигин Арзымаматов кошумчалады. Ошол эле учурда тик учак сатып алууга мамлекеттик казынадан каражат бөлүнбөй жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
02.12.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ааааа байкуштарым...Буларды да секонд хендден кийинтиришет турбайбы.Эми ушул кабарларды окуп кыймылдашаар бекен биздин чиновниктер.
03.12.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ekaterinburg,алар окупда койбосо керек,шайлоо менен убараго баарыле)))окуп добушуңар бизге бергиле силерге форма сатып беребиз деп калса анда жакшы)
Шайлоо болбосода алар жакшы иш жасабайт!
02.12.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыйлагыны келтиретго чиркин. Башка мамлекеттердин кызматкерлеринин кийинген кийимин, техникасын корсон коз суктанат. А биздикилерде даже жаны заманбап кийими жок ( орт очургуч учакты айтпай эле коёюн ) качан онугуп осот экен биздин КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ. Эхх...
02.12.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жыланач баатыр кылып буларды же жарытылуу кийими жок,же техникасы жок эле приказды берип айдап жиберишет байкуштарды.Уялып деле койбойт окмот деген,эми бироо чыкты элдер акча топтоп тик учак алалы деп,уят эле мамлекет озу бир тик учак сатып ала албаса,бир депутаттын уйунун акчасына эле келсе керек ошол тик учак,мен эле мен деп,партиялар тошун кагат ошолор деле алып берсе жарашат.
02.12.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Дуйнолук Кочмондор Оюнуна милиардтаган сом чыгаша кетиптир.Бул той деген бир кундо отот анан унутулат.Андан коро ошого кеткен акчага орт очуручу техника сатып алышпайбы же бизде бир дагын орт очуручу тик учак жок экен мунун кантип тушунсо б-т.
02.12.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биздикилердин проблемасы эле креслолору эскирип , ноутбуктары чирип, душу жок жерде иштешсе анан бизди ойлойбу
nura.177 түзөттү 2016-12-02 19:38:34
02.12.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тезникалары союз маалындагы болсо керек:-).
02.12.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эми Ак уй ортонсо барбай эле койгула кийим техника эски экен.
02.12.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алтын жалатылган төш белги албай, өрт өчүрүүчүлөргө кийим алышсын
03.12.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнесине кабатыр болосунар ансыз деле Бизде Оналтыэтаж жок
03.12.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dosbol,эмнеге жок бар эле бишкекте
04.12.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тармактан бюджетти кыскартпай эле койсо болмок.. тиг учма сатып алсак жакщы болмок экен. Юулардын жумушу ото кооптуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: