"Дордой" базарында жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнөн чыкты

"Дордой" базарында жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 2-декабрда билдирди.
"Жабыркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бирөөсүн нейрохирургия бөлүмүнө жайгаштырдык, анын абалы жакшы. Ал эми калган үчөө азырынча жандандыруу бөлүмүндө, алар да эсине келишти. 31 жаштагы А. аттуу жарандын гана абалы бир аз оор", - дейт Кубатбеков.
Эскерте кетсек, 29-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында кулаган бастырманын астында калган беш адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүнө, бири патология бөлүмүнө жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
zamir-bek

04.12.2016. 00:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кырсык Дордой эмес Алкан базарында болду эле го. Эптеп эле Дордойду жаман атты кылыш керекпи.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.