ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Бүгүн Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү
Мындан 14 жыл мурун, 1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 3-декабрды Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган. Бул күндү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомчулукка толук кандуу катыштыруу, алардын укугун сактоо максатында белгилешет.
КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Алардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин 120 миңден 173 миңге өскөн. Анын ичинен 28 миңи кичинекей балдар. Жыл сайын өлкө боюнча 650-700 балага шал оорусу диагнозу коюлат. 3-декабрда республика боюнча бул күнгө байланыштуу ар кандай иш-чаралар уюштурлуп келет.
3-декабрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.